Араб тили 1-баскыч “Байна Ядайк 1” курсу
Араб тили (1-баскычка) каттоо. Курс “Аль-арабиййату байна ядайк 1” китебинен өтүлөт. Курстун мөөнөтү: 6 ай. Курстун баасы: айына 1300 сом. Курска катталуу үчүн биринчи сабакты толук көрүп чыгыңыз. Андан кийин биринчи тапшырманы (диалогду дептерге көчүрүп жазып жана диалогду аудио аркылуу окуп) аткарып, биздин вотс апп номерге жибересиз. wa.me/996709705090 Сабактар кандай …
Араб тили (1-баскычка) каттоо.
- Курс “Аль-арабиййату байна ядайк 1” китебинен өтүлөт.
- Курстун мөөнөтү: 6 ай.
- Курстун баасы: айына 1300 сом.
Курска катталуу үчүн биринчи сабакты толук көрүп чыгыңыз. Андан кийин биринчи тапшырманы (диалогду дептерге көчүрүп жазып жана диалогду аудио аркылуу окуп) аткарып, биздин вотс апп номерге жибересиз. wa.me/996709705090
Сабактар кандай тартипте өтүлөт?
Онлайн платформада теориялык видеосабактар киргизилген. Ар апта сайын студент 2 видеосабак көрөт.Видеосабактарда китептеги диалогдор котормосу жана эрежелери менен түшүндүрүлгөн. Аны менен кошо жаңы сөздөрдүн котормолору сүрөт түрүндө, тексттердин аудиолору, үй тапшырмалары киргизилген. Студент видеосабактарды көрүп, онлайн сабакка даярдык көрөт. Кошумча аптасына 2 практикалык онлайн сабак болот. Онлайн сабактарда арабча баарлашууга басым жасалган, 70% араб тилинде өтүлөт. Ар 3 сабак сайын тест тапшырылат.
Жыйынтыкта сиз эмнеге жетесиз?
- Таанышуу
- Үй-бүлө
- Турак-жай
- Күнүмдүк жашоо
- Тамак-аш
- Намаз
- Окуу
- Жумуш
- Соода-сатык
- Аба-ырайы
- Жерлер, мамлекеттер
- Хоббилер
- Сапар
- Ажылык жана умра
- Ден-соолук
- Каникул
- Окуу
темалардын алкагында арабча ой-пикириңизди айтып сүйлөшкөндү;
-Сүйлөмдөрдү түзүп, аудио материалдарды угуп түшүнгөндү;
-Сүйлөшүү, угуу, окуу, жазууну үйрөнөсүз.
-Базалык грамматиканы үстүртөн, практиканын негизинде алып кетесиз.
Жалпы 8 айлык программада:
48 теориялык видеосабак, 48 онлайн практикалык сабак, 16 тест, 700-дөн ашык сөз жаттоо.
Курстун жыйынтыгында курсту аяктагандыгы тууралуу жана мыкты окугандарга сабак берүүгө уруксат экендигин тастыктаган сертификат ыйгарылат.
Сабак өтүүчү мугалимдер Сауд Аравия, Египет, Иордания мамлекеттеринде илим алып жатышат.