Сарф илими 1-баскыч
Араб тилинин морфологиясы (сарф илими) курсунун 1-баскычы тууралуу маалымат Курс “Аль-арабиййату байна ядайк 1” китебин окуп жаткан же аяктаган студенттер үчүн ылайыктуу. Курстун мөөнөтү: 1 ай (8 видеосабак + 8 практикалык сабак). Курстун баасы: жалпы курс үчүн 1300 сом. Сабактар кандай тартипте өтүлөт? Ар аптада эки теориялык видео сабак менен …
Араб тилинин морфологиясы (сарф илими) курсунун 1-баскычы тууралуу маалымат
Курс “Аль-арабиййату байна ядайк 1” китебин окуп жаткан же аяктаган студенттер үчүн ылайыктуу.
Курстун мөөнөтү: 1 ай (8 видеосабак + 8 практикалык сабак).
Курстун баасы: жалпы курс үчүн 1300 сом.
Сабактар кандай тартипте өтүлөт?
Ар аптада эки теориялык видео сабак менен кошо көнүгүүлөр жиберилет.
Аптанын аягында өтүлгөн темаларды бышыктоо, эрежелерди бекемдөө үчүн практикалык онлайн сабак өткөрүлөт.
Маалыматтар пдф файл аркылуу жиберилет, китеп керектелбейт.
Бул курста сиз эмнени үйрөнүп жана кандай жыйынтыкка жете аласыз?
- Сарф илими тууралуу түшүнүк алуу;
- Жактама ат атоочтор менен таанышуу;
- Этиштердин чактар жана жактар боюнча өзгөрүүсүн, тамгалардын санына карата бөлүнүү эрежелерин үйрөнүү;
- Этиштердин терс жана таңгыч формалары, кыймыл атооч менен таанышуу;
- Этиштерден атоочтуктарды, орун жана мезгилди билдирүүчү заттарды, куралдарды билдирүүчү заттар менен таанышуу.
- Араб тилин жаңыдан үйрөнүп жаткандар үчүн эң негизги фундаменталдык темалар өтүлүп, практикада колдонуу эрежелери үйрөтүлөт.
Курстун жыйынтыгында курсту аяктагандыгы тууралуу сертификат ыйгарылат.
Сабак өтүүчү мугалим: Бообекова С.
Курска катталуу үчүн шарттар:
- Араб тилинде мыкты окуганды жана жазганды билүү.
- Төлөмдү аткарып, учурда араб тилин кайсыл курста окуп жаткандыгыңыздар тууралуу кабар берүү.